Уу коргошун чуусу: Жапаровдун Facebook тармагындагы посту өчүрүлдү

20 апреля 2021 Уу коргошун чуусу: Жапаровдун Facebook тармагындагы посту өчүрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык тармагындагы "коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы" тууралуу посту өчүрүлдү.

Өлкө башчынын билдирүүсү ким тарабынан жана эмне себептен өчүрүлгөндүгү тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

sputnik