Сүйүнүчтүн көз жашы! Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынан алтын утту. Видео

16 апреля 2021 Сүйүнүчтүн көз жашы! Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынан алтын утту. Видео

Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылды.

ВИДЕО

Балбан 68 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал төрт кармаш өткөрүп, өзбекстандык, казакстандык, кореялык жана монголиялык спортчулар менен кармашты.

Социалдык тармактардагы спорттук баракчалар жүктөгөн видеодон Жуманазарова медаль тагынып жатып сүйүнгөнүнөн көз жашы токтобой ыйлаганын көрүүгө болот.

ВИДЕО

Белгилей кетсек, бул Жуманазарованын кыска убакыттагы экинчи чоң жеңиши. Бир нече күн мурда Казакстандагы лицензиялык турнирде күмүш байге алып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.


sputnik