16 апреля 2021
АКШ президенти Жо Байден Россия тууралуу сөзүндө бир нече ирет жаңылды. Ал эскалация менен вакцинация сөздөрүн алмаштырып, Россия президенти Владимир Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Американын лидери алгач "АКШ вакци... эскалациянын кезектеги циклин баштагысы келген жок жана Россия менен чырдашууну каалабайт" деп жаңылган.
Андан кийин Россия президенти Владимир Путиндин фамилиясын "президент Клутин" дегендей айтып, кийин оңдоп кеткен.
Басылма башка да ажолор сөздөрүн адашып айтып аларын жазып, бирок Байден көп жаңыларын, муну өзү да моюндап келерин белгилеген.
Байдендин АКШ менен Россиянын мамилеси жана дүйнөдөгү орду тууралуу сөзүн толугураак окуп алсаңыз болот.