Бишкекте табылган эки жашар бөбөк энесине берилди

16 апреля 2021 Бишкекте табылган эки жашар бөбөк энесине берилди

Бишкектин 3-кичи районунда табылган эки жашар бөбөк энесине берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бала 12-апрель күнү №19 үйдүн жанындагы балдар аянтчасында табылган. Милиция анын энесине издөө салып, бөбөктү Балдар жана үй-бүлөлөр реабилитациялык борборуна убактылуу өткөргөн.

"Окуяга күбө болгон жашоочулар аял эки баласы менен короого келип уулун балдар аянтчасына таштап, кызын өзү менен кошо алып кеткендигин айтышкан. 13-апрель күнү М.С. аттуу жаран 2019-жылы туулган М.А. деген уулуна тиешелүү документти көрсөткөн. Аял шаарды жакшы билбегендиктен окуя болгон күнү кызы менен ары басып кетип адашып калганын айтты. Өзү Москва районунда жашайт. Бишкекке таанышынын үйүнө келген", — деп айтылат маалыматта.

Москва районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы үй-бүлө чын эле ошол аймакта жашаганын тастыктап, жашоо шарты канааттандырарлык экендиги тууралуу документти көрсөткөн.

Бөбөктүн энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде наристе энесине тапшырылды. Москва районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы баланы каттоого алган.


sputnik