Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео

16 апреля 2021 Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маалымат жыйын учурунда "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү.

Министр коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатканын билдирди.

Ал жоопкерчиликти өз мойнуна алып жаткандыктан чөптүн кайнатмасын ичип көрсөтүүнү чечкенин белгиледи. Ал ошондой эле дарыгердин көрсөтмөсү жок ичүүгө болбой турганын кошумчалады. 

Белгилей кетсек, уу коргошунду өз алдынча даярдап ичүү адам өмүрү үчүн кооптуу. Министр туура эмес даярдалган учурда адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын белгиледи. Дарылоонун бул ыкмасы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Кыргызстандан маалымат жиберилген эмес. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.

Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.

Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.


sputnik