Жолтандабастын айдоочусу 2,3 млн. сомдук радарды тебелеп качып кетти. Сүрөт

16 апреля 2021 Жолтандабастын айдоочусу 2,3 млн. сомдук радарды тебелеп качып кетти. Сүрөт

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Lexus LX470 унаасынын айдоочусу "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексин тебелеп, качып кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя бүгүн, 15-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында Кемин районунун Бообек айылында болгон.

ВИДЕО

"Айдоочу изи сууй электе ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Унаа айып короого киргизилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", — деп айтылат маалыматта.

Көчмө "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексинин наркы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзөрү белгиленди. 


sputnik