Ташиев Савайга барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолукту

20 апреля 2021 Ташиев Савайга барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолукту

Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда.

Аталган райондун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген. Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.

Учурда Ташиев менен айылдын миңге чукул жашоочусу жолугуп, талаптарын айтышууда.


sputnik