Боомдо таш кулатылып, жол жабылат. График

16 апреля 2021 Боомдо таш кулатылып, жол жабылат. График

Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.

Буга байланыштуу 19-апрелден 23-апрелге чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.

Таш кулатуу иштери Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Жел-Арык аймагында жана Каямат-Куркол станциясынын аймагында (жолдун 131-чакырымында) жүрөт.

Ишкана айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.


sputnik