"Ата-Бейит" комплекси жактагы тоодон өрт чыкты. Видео

16 апреля 2021 "Ата-Бейит" комплекси жактагы тоодон өрт чыкты. Видео

Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

ВИДЕО

Тоо жактагы өрт куураган чөптөн чыккан. Аны өчүрүүгө саат 19:58де Ленин районунан бир бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо саат 22:09да чектөөгө алынганы маалымдалды. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилери айтылды. 


sputnik