Министр: уу коргошунду туура эмес ичкен адам беш мүнөткө жетпей өлөт

16 апреля 2021 Министр: уу коргошунду туура эмес ичкен адам беш мүнөткө жетпей өлөт

Уу коргошунду дарыгердин жанында, кайнак бойдон гана ичиш керек. Аны муздак кылып ичсе, адам беш мүнөткө жетпей өлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда айтты.

Белгилей кетсек, аталган чөптүн кайнатмасы клиникалык сыноодон жана каттоодон өтө элек.

"Бул уу коргошунду ичерде дозасын жакшылап санаш керек. Анын дозасын мен да жакшы билбей эки күндүн биринде Садыр Жапаровго чалып сурап жатам. Уу коргошунду кайнак түрүндө гана ичүү шарт. Эгер аны муздак бойдон ичсе же артынан муздак суу колдонсо, адам беш мүнөткө жетпей өлөт. Уу коргошундун артынан балмуздак жеп, муздак сууга түшпөш керек. Аны ичкенден кийин жылуу жатуу зарыл", — деди министр.

Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып коронавирусту дарылоого уу коргошундун колдонулуп жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билбей турганын белгиледи.

"Силер жаңы эле угуп жатсаңар, алар (ДССУ) кайдан билмек эле?" — деди Бейшеналиев.

Министр аталган чөптүн кайнатмасы өлкөнүн бардык аймактарына берилип жатканын айтып, аны үй шартында колдонбоону сунуштады.

"Айрымдар "кызыма да берейин" деп сурап жатышат. Бирок муну дарыгердин көз алдында гана ичүү шарт. Бейтаптар кайнатманы сураганда аларга дарыгерди кошо жиберип жатабыз. Медиктер кандай кылып ичүү керектигин көрсөтүп беришет", — деди министр.

Бейшеналиев уу коргошун менен азыр коронавирус менен ооругандарды гана дарылап жатканын айтып, ал вирусту алдын алар-албасын билбей турганын белгиледи.


sputnik