Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
22 апреля 2021Казакстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Ерлан Киясов «Нур Отан» партиясынын төш белгисин тагынбай жүргөнү үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу партиянын Көзөмөл комитетинин төрагасы Артур Платонов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
22 апреля 2021Электр кубатына болгон бааларды жогорулатуу сунушун кечээ, 21-апрелде, президент Садыр Жапаров берген болчу. Бүгүн болсо Турдубаев кошумча маалымат берип, ишканалар канчадан төлөй турганын айтып берди.
22 апреля 2021Борбор калаада 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү. Бул туурасында Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.
22 апреля 2021Садыр Жапаровдун электр кубаты үчүн сунуштаган тарифи үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин күчүнө кирбейт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
22 апреля 2021Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун "британиялык" штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
22 апреля 2021Өткөн суткада Кыргызстанда 380 кишиден коронавирус табылып, 164 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
22 апреля 2021Кыргызстанда курула турган тогуз мектептин ичинен үчөөнүн каржы маселеси чечилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
22 апреля 2021ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева мамлекеттик лотереяны кайрадан жандандырууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
22 апреля 2021Депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков сунуштаган Ысык-Көл облусуна казино ачуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
22 апреля 2021Ош шаарында "Жасмин" балдар бакчасында беш жаштагы кыздын сабалышы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
22 апреля 2021Президенттин айтымында, учурда социалдык камсыздоо мекемелери 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлө жөнүндө маалымат беришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялар менен биргеликте кошумча тактоо иштерин жүргүзсө, бул тизме кеңейиши мүмкүн.
22 апреля 2021Жогорку Кеңештин депутаты мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголуп же козголбогонун сурады.
22 апреля 2021Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгы боюнча жеке пикирин жарыялады.
22 апреля 2021Депутат Эмил Токтошев "Далилденбеген дарыны бейтаптарга берип жатканы үчүн саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу?" деп сурады.
22 апреля 2021Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Ысык-Көлгө казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн депутаттарга коркутуу болгонун билдирди.
22 апреля 2021Ваканттык орун Аманкул Токтомамбетовго өткөрүп берилди. Ал бир кезде Ысык-Көл райондук сотунда судья болуп иштеген.
21 апреля 2021Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент уу коргошундан дарыны кандай шартта жасап жатканын текшерүүнү сунуштады.
21 апреля 2021Бишкек шаарында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомдон ашты. Бул тууралуу күйүүчү май сатуу менен алектенген компаниялардын сайтынан көрүүгө болот.
21 апреля 2021Ага ылайык, Оштун аэропорту аталган каттам боюнча келген жаңы чартердик рейсти тосуп алды. "Азимут" авиакомпаниясы менен шаарга 60 жүргүнчү келди.
21 апреля 2021Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
21 апреля 2021Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
21 апреля 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров 19 судьяны жергиликтүү сотторго дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
21 апреля 2021Өткөн суткада Кыргызстанда 306 кишиден коронавирус табылып, 161 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
21 апреля 2021Өкмөттүн маалымат кызматы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Савай айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу билдирүү таратты.
20 апреля 2021Россияга бара турчу Кыргызстандын жарандары коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүп өтүшү керек. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.
20 апреля 2021Жакынкы күндөрү жаан-чачын нөшөрлөп жаап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
20 апреля 2021Түндө Бишкекте төрт унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
20 апреля 2021Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын эки окуучусунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
20 апреля 2021Айдан артып калган же топтогон тыйыныңызды жөн катпай эселентип алуу үчүн туура инвестициялоону өздөштүрүп алган дурус. Мындай процесс так билбегендиктен эле адегенде кыйын, дегеле кол жеткистей көрүнөт деп эсептейт Улуттук банктын өкүлдөрү.
20 апреля 2021Эске салсак, Кармышаков өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аялдар менен жолугуп, сүйлөшкөн. Вице-премьер бул көрүнүштү кыжырды кайнаткан факт катары сыпаттап, мыйзам бузуу экенине токтолду.
20 апреля 2021Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
20 апреля 2021"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.
20 апреля 2021Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык тармагындагы "коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы" тууралуу посту өчүрүлдү.
20 апреля 2021