ЖК депутаты лотерея бизнесин жандандырууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору

22 апреля 2021 ЖК депутаты лотерея бизнесин жандандырууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору

ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева мамлекеттик лотереяны кайрадан жандандырууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Автордун айтымында, бул нерсе мамлекеттик лотереялык компаниянын ишмердүүлүгүн кайрадан жолго коюп, социалдык тармакка инвестиция тартууга жардам берет.

"Дүйнө жүзүндө лотерея бизнеси мыйзамдуу жана кумар оюндарына альтернатива катары каралып келет. Элден социалдык муктаждыктар үчүн каражат тартууга жардам берет. Лотерея рыногун анализдөөнүн жыйынтыгы экономиканын бул секторунун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөттү”, — деди депутат.

Ошондой эле документте лотереяларды электрондук түрдө сатып, заманбап рынок түзүүгө болору айтылган.

Мындан тышкары, уюштуруучулар электрондук лотереяны ойнотордон мурда сөзсүз анын катышуучуларына алдын ала кабар берилиши керектиги жазылган.


sputnik