Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Ысык-Көлгө казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн депутаттарга коркутуу болгонун билдирди.
Эл өкүлү керек болсо кимдер телефон чалып коркутканын жарыялоого даяр экенин айтты.
"Ыйык Рамазан айында ушул мыйзамды кабыл албай койсок болот эле го. Мунун эки гана жолу бар: айрым адамдардан алкыш аласың же калың элден каргыш аласың. 8-апрелде добушка коюлушу керек эле, койбой койгонбуз, коркконбуз. Бүгүн түнү менен иштешти, керек болсо мен телефон чалган адамдарды дагы айтып берем. Кимдер коркутканын да айтып берем. Отурат ушул жерде көздөрүн жалдыратып, антип үгүттөбөгүлө! Ар ким өзүнүн эрки, эртеңки келечеги үчүн добуш берсин. Канчалаган тагдырлар талкаланган, үй-бүлөлөрдүн көз жашы төгүлгөн. Кайра добуш берүүгө кайтып келели. Мүмкүнчүлүк берип коёлу, мындан эч нерсе болбойт", — деди Момбеков.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору биринчи окууда 8-апрель күнү каралган. Бирок ал күнү добушка коюлбай жылдырылган болчу. Бүгүн аталган демилгеге 68 депутат "макул", 23ү "каршы" добуш берип колдоо тапты. Бирок кээ бир депутаттар адашып "макулду" басып алганын айтып, кайра добушка коюуну талап кылды. Бирок ал сунуш өткөн жок.
Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков сунуштаган.
Демилгечилердин айтымында, бул документ Ысык-Көлгө туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында иштелип чыкты. Аэропорттун жанына атайын зона курулуп, чет элдик жарандарга гана ал жакка кирип кумар оюндарын ойноого уруксат берилет. Ал эми кыргызстандыктарга тыюу салынат. Мунун арты менен бюджетке жылына 600 миллион сом түшөт.