Кытайда каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгүн алып келишти

23 апреля 2021 Кытайда каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгүн алып келишти

Кытайда жол кырсыгына кабылып каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгү Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстандын Ш.Б. аттуу жаранынын сөөгү Кытайдан Кыргызстанга жеткирилип, мекенине көмүү үчүн туугандарына өткөрүп берилди. Анын туугандарына Кыргызстандын Пекиндеги элчилиги тиешелүү консулдук-укуктук көмөк жана маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүдө башка зарыл жардамдарды көрсөттү. Бул процедура катуу карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылган", — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, Кытайдагы окуу жайлардын биринде билим алып жүргөн 22 жаштагы Ш.Б. марттын соңунда кырсыктаган. ТИМ буга чейин Кытайдын укук коргоо органдары иш боюнча иликтөө жүргүзөрүн кошумчалаган болчу.



sputnik