Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер

22 апреля 2021 Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев сунушталып жаткан тарифтерди жарыялады.

Электр кубатына болгон бааларды жогорулатуу сунушун кечээ, 21-апрелде, президент Садыр Жапаров берген болчу. Бүгүн болсо Турдубаев кошумча маалымат берип, ишканалар канчадан төлөй турганын айтып берди.

Белгилей кетсек, учурда калктын бардык категориясына тарифтер 77 тыйындан эсептелет. Эгер жылытуу сезонунда 700 киловатт/сааттык чектен ашса 2,16 сомдон эсептелет (кээ бир жерлердеги чек 1000 киловатт/саат).

Категориялар:

  • Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын;
  • Жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына 1,04 сомдон;
  • Колундар барларга 1,48 сомдон белгилеп, киловатт-сааттык чекти алып салуу (кышкысын бул категориядагы жарандан 1000 киловатт-сааттан ашканда 2,29 сомдон төлөшү мүмкүн);
  • Өнөр жай тармагына — 2,38 сом (азыркы тариф 2,24 сом);
  • Насостук станциялар үчүн — 1,48 (азыркы тариф 77,9 тыйын);
  • Ток менен жүрүүчү транспорт — 1,68 (азыркы тариф 1,58 сом);
  • коомдук электр транспорту — 1,68 (азыркы 1,58 сом);
  • майнинг-фермалар — 4,76 (азыркы тариф 2,91);
  • алтын өндүргөн компаниялар — 4,76 (өзүнчө категория жок болчу).

Сунушталып жаткан бул тарифтер сентябрь айына чейин күчүнө кирбейт.


sputnik