Бишкекте бир автоунаа үч машина менен кагышып, кишилер жабыркады. Видео

20 апреля 2021 Бишкекте бир автоунаа үч машина менен кагышып, кишилер жабыркады. Видео

Түндө Бишкекте төрт унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.

Кырсык болгон жердеги видео "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн. Кадрлардан айрым унаалардын талкаланып калганын көрүүгө болот.

ВИДЕО

Окуя 20-апрелге караган түнү саат 00:41де болгон.

Анда Toyota Camry автоунаасы Айтматов проспекти менен түштүктү көздөй бара жатып, ошол эле багытта бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Андан кийин каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter машинасы менен кагылышып, андан ары дагы ошол эле багытта бараткан Honda Torneo унаасын сүзүп токтогон.

Натыйжада каргашадан үч киши жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Учурда машиналардын бардыгы айып короого киргизилип, тийиштүү экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын себептери такталууда.


sputnik