Сүрөттө ИИМдин Ички аскерлеринин "Шер" атайын дайындоодогу отрядынын аскери Баткендеги мамлекеттик чек араны кайтарып турат.
6 мая 2021Өлкө башчы Садыр Жапаров "Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
6 мая 2021Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
6 мая 2021Өлкө башчы Садыр Жапаров "Министрлер кабинети жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
6 мая 2021Кыргызстандыктар 10-май күнү иштейт, себеби август айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
6 мая 2021Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов өлкөнүн жалпы суу запасы 458 миллиард куб экендигин айтты.
6 мая 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып, Куралдуу күч түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.
5 мая 2021Келечекте Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү жеке менчикке өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуусу учурунда айтты.
5 мая 2021Президент Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуусу учурунда экономикада кандай реформа жасалары тууралуу айтып берди.
5 мая 2021Баткенде бир катар аткаминерлер кызматтан кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
5 мая 2021Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
5 мая 2021Кыргыз-тажик чек арасында 36 кыргызстандыктын өмүрүн алган жаңжал "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында тутанган.
5 мая 2021ТИМдин Биринчи саясий департаментинин жетекчиси Уланбек Тотуяев "Тажикстан КР жараны болгон этникалык кыргыздарды чыгарууда" деген маалымат боюнча үн катты.
5 мая 2021Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткени тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына тастыктады.
5 мая 2021Кыргызстандын Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев стратегиялык объект Кыргызстандын аймагында жайгашканын айтты. Ал 1970-жылы курулуп, үч жылдан кийин эксплуатацияга берилген. Сокеев "Головной" тууралуу бир нече тарыхый фактыны келтирди.
5 мая 2021Каргашалуу окуянын эртеси, 30-апрель күнү, ооруканадагы эне менен кызды дарыгерлер учак менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жөнөткөн.
5 мая 2021БУУнун башкы катчысы Антониу Гутериш Кыргызстан менен Тажикстанды атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган тынчтык келишимин сактоого чакырды. Бул тууралуу брифинг учурунда уюмдун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
4 мая 2021Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров эртең, 5-май күнү, жаңы Конституцияга кол коет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
4 мая 202119-20-майда Казакстан башчысы Касым-Жоомарт Токаев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барат. Бул туурасында Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали социалдык тармактагы баракчасына жазды.
4 мая 2021Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзамга коомчулуктун пикирин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилип, кечээ, 3-майда, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирип, документте кандай маселелер каралганын тизмектеп берди.
4 мая 2021Көзүбүздү таңып, буту-колубузду байлап алып кетишкен, милиция бөлүмүндөгү бетондун үстүндө отурдук. Кайтканга чейин көзүбүздөгү таңууну алышкан жок. Баткенде тажик аскерлерине туткун болгон кыргызстандыктар дал ушинтип баяндап беришти.
4 мая 2021Диетолог Зухра Павлованын вегетариандарга рацион түзүү боюнча берген кеңешин РИА Новости жарыялады.
4 мая 2021Баткен облустук милициясынан кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин Тажикстан тарап өрттөп кеткен үйлөрдөгү "ОМП" деген жазуу эмне деген маанини түшүндүрөрүн айтып беришти.
4 мая 202127 жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон уул-кыздарын артынан ээрчитип, мамлекеттик чоң кызматтарга дайындаган президенттердин бири.
4 мая 2021Жакында эле басаңдаган чек ара чыр-чатагында "Бөрү" атайын дайындоодогу отрядынын эрдиги белгиленип, алкыштар айтылууда.
4 мая 2021Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийинки чыгымдын алдын ала эсебин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
4 мая 2021Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскерлери менен жарандарына каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн көзөмөл органы кабарлады.
3 мая 2021Саламаттык сактоо министрлиги чек ара чырында төрт жашар бала чарчап калганын тастыктады.
3 мая 2021Чек арадагы чыр 17-апрелде эле башталган. Анда тажик чек арачылары кыргыз тараптан Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайындагы оңдоп-түзөө иштерин токтотууну талап кылышкан. Бирок кыргыздар макул болгон эмес.
3 мая 2021Кыздардын 51 жаштагы чоң энеси Феруза Атакулова жалгыз бой эне. Ал үч уул, бир кызын жалгыз тарбиялап өстүргөн. Россиянын ар кайсы шаарларында ашпозчу болуп эмгектенип жүрүп, маңдай тери менен тапкан каражатына жылдап тургузган беш бөлмөлүү үйү бүгүн минтип күлгө айланды.
3 мая 2021Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган дагы бир кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
3 мая 2021УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү 3-майда саат 9.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин билдирет. Соңку түнү эч кандай чатак, ок атуу катталган эмес.
3 мая 20213-майга карата Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен райондорунун баарында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
3 мая 2021Рамазан айында орозо кармаган адамдар COVID-19 илдетине каршы эмдɵɵдɵн ɵтсɵ болор-болбостугу тууралуу суроого Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жооп берди.
3 мая 2021