Түндө жемиш жебегиле! Арыктоого жолтоо болгон терс адаттар

6 мая 2021 Түндө жемиш жебегиле! Арыктоого жолтоо болгон терс адаттар

Диетолог жана нутрициолог Ирина Писарева ашыкча салмактан арылууга кайсы жаман адаттар жолтоо болорун түшүндүрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, биринчи кезекте адам көп кыймылдашы керек. Басып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасабаган кишинин метаболизми жайлап, майдын топтолушуна шарт түзөт.

"Экинчи жаман адат — бул түндө жер-жемишти көп жегендик. Аларды күндүн биринчи жарымында саат 16:00гө чейин жеш керек. Себеби курамында табигый өсүмдүк кумшекери, глюкоза, сахароза бар", —деди адис.

Убагында уктабаган адат да адамды ашыкча салмакка түртөт. Уктап жаткан учурда организм калыбына келип, иммунитет бекемделип, гормондор турукташат. Ошол себептен организм эс алышы шарт жана кеминде 7-8 саат уктап, уйкуну кандыруу зарыл.

Диетолог тамакты бат-баттан жеген учурда да адам тез толорун эскерткен.

"Тамакты тез-тезден жегенде организм аны сиңирүүгө жетишпей калат дагы тойбогондой сезим жаралат. Мындан улам адам көп тамак жегиси келе берет", — деген нутрициолог.

Писарева арыктайм деген адамдарга эртең мененки тамакты үзбөй жегиле деген кеңешин айткан. Адис эртең менен жана түштө күчтүүлөп тамак жеп, кечкисин жеңил тамактанууну сунуштаган.


sputnik