5 мая 2021
Мамлекет башчы Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып, Куралдуу күч түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.
Анда президент армия реформалана турганын белгилеген.
"Армияны реформалоодо эки негизги багытка токтолоюн. Биринчиден, Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдышыбыз керек. Экинчичиден, элдик кошуундарды түзүүгө өтөбүз", — деди Жапаров.
Анын айтымында, бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.