Жанылыктар

Ысык-Көлдө автоунаалар кагышып эки аял каза болду

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен эки аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

13 мая 2021
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" менен "Ак-Батаны" шайлоодон четтетти

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (БАШК) "Эмгек" жана "Ак-Бата” партияларын Бишкек шаардык кеңешине шайлоо жарышынан четтетип койду.

13 мая 2021
"Кумтөрдүн" тагдырын чечкен комиссияга кимдер кирген. Тизме
"Кумтөрдүн" тагдырын чечкен комиссияга кимдер кирген. Тизме

Комиссия түзүүнү "Республика — Ата-Журт" фракциясы быйылкы жылдын февралында сунуштап, кийинчерээк аны ЖКнын тармактык комитети колдогон.

13 мая 2021
Бишкекте зомбулук менен өлтүрүлгөн эки аялдын сөөгү табылды
Бишкекте зомбулук менен өлтүрүлгөн эки аялдын сөөгү табылды

Бишкектеги Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.

13 мая 2021
Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады
Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

13 мая 2021
Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти
Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. компаниясын 4 миллиард 252 миллион 800 миң долларлык доого жыгууну сунуштады. Бул туурасында комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.

13 мая 2021
Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча берген. Комиссия "Кумтөрдүн" манипуляциясын айтты
Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча берген. Комиссия "Кумтөрдүн" манипуляциясын айтты

Centerra Gold Inc компаниясы Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча которуп, маалыматтарды манипуляциялаган. Бул тууралуу "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.

13 мая 2021
Кыргызстан 20 млн. долларга Кытайдын Sinopharm вакцинасын сатып алат
Кыргызстан 20 млн. долларга Кытайдын Sinopharm вакцинасын сатып алат

Дүйнөлүк банк бөлө турган 20 миллион долларга Кыргызстан Кытайдын коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" билдирди.

12 мая 2021
Кайсы маселе каралат? Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Жапаров сөз сүйлөйт
Кайсы маселе каралат? Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Жапаров сөз сүйлөйт

Парламенттин маалымат кызматы дүйшөмбү, 17-май күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз отурумга чогуларын билдирди.

12 мая 2021
Милиция Баткенде кармалган тажикстандык фуралардагы жүктү көрсөттү. Сүрөт
Милиция Баткенде кармалган тажикстандык фуралардагы жүктү көрсөттү. Сүрөт

Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалары Россиядан келе жатканын облустук милиция билдирди.

12 мая 2021
Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды
Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды

Баткенде Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

12 мая 2021
Кытай Кыргызстандан кандай азык-түлүк алгысы келет
Кытай Кыргызстандан кандай азык-түлүк алгысы келет

Кытай Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сиань шаарына расмий сапары менен барганда белгилүү болгонун ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

12 мая 2021
Айт намаздын программасы жана санитардык талаптар. Муфтияттын билдирүүсү
Айт намаздын программасы жана санитардык талаптар. Муфтияттын билдирүүсү

Орозо айт намазы 13-май күнү эртең менен Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

12 мая 2021
Өзгөндө кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кетип көз жумду
Өзгөндө кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кетип көз жумду

Оштун Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

12 мая 2021
Кытай Кыргызстанга 54 млн. доллар грант берип, карызды жеңилдетмей болду
Кытай Кыргызстанга 54 млн. доллар грант берип, карызды жеңилдетмей болду

Кытай Кыргызстандын экономикасына колдоо катары 54 миллион доллар өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

12 мая 2021
"Дөө Чыңгыздын" адамы ишкерден 20 миң доллар алып жатып кармалды. Видео
"Дөө Чыңгыздын" адамы ишкерден 20 миң доллар алып жатып кармалды. Видео

"Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү И.Р.М. жеке ишкерди коркутуп 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

12 мая 2021
Кытай гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берет
Кытай гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берет

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берүүгө даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

12 мая 2021
Чек арадагы жаңжалда Лейлек району канча чыгым тартканы айтылды
Чек арадагы жаңжалда Лейлек району канча чыгым тартканы айтылды

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда Тажикстандын кол салуусунан Лейлек районунун жашоочуларынын талкаланып, өрттөлгөн турак жайларын жана социалдык объектилерди кошкондо 1 миллиард 457 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Максат айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында белгилүү болду.

12 мая 2021
Том Круз расалык чырдан улам "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарды
Том Круз расалык чырдан улам "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарды

Америкалык актёр Том Круз Голливуддун Чет элдик пресса ассоциациясына "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарып берди. Бул тууралуу CNN жазды.

12 мая 2021
Курманбек Бакиевдин бир тууганына карата сот өкүмү жокко чыгарылды
Курманбек Бакиевдин бир тууганына карата сот өкүмү жокко чыгарылды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

12 мая 2021
Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган өспүрүмдөргө өкүм чыкты
Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган өспүрүмдөргө өкүм чыкты

Өзгөндө таксистти мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген эки өспүрүмгө карата соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

12 мая 2021
Кыргызстанда кайрадан башталчу менчиктештирүү кандайча ишке ашат. Шарты
Кыргызстанда кайрадан башталчу менчиктештирүү кандайча ишке ашат. Шарты

Бүгүн, 11-майда, Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эльдана Сатарова мамлекеттик активдер кандайча реформаланарын жана кайсы объектилерди сатуу пландалып жатканын журналисттерге айтып берди.

12 мая 2021
Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо өтсө кимдер катыша алат. Тартиби
Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо өтсө кимдер катыша алат. Тартиби

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону суранды.

12 мая 2021
Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат
Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

12 мая 2021
Бишкекте майрамдык айт намаз эски аянтта окулбай турган болду
Бишкекте майрамдык айт намаз эски аянтта окулбай турган болду

Бишкектин эски аянтында майрамдык айт намаз окулбай турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

12 мая 2021
Татарстандын бийлиги мектептеги ок атуудан канча окуучу көз жумганын тактады
Татарстандын бийлиги мектептеги ок атуудан канча окуучу көз жумганын тактады

Татарстандын Казань шаарындагы мектептен жети окуучу менен бир мугалим аял каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Татарстандын президентинин маалымат кызматына таянып кабарлады.

12 мая 2021
"Кумтөрдүн" жетекчилери суракка чакырылды
"Кумтөрдүн" жетекчилери суракка чакырылды

Компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман 12-майда эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

12 мая 2021
Мамлекеттин көзүн карабай пенсияга кантип акча топтоого болот. Жол-жобосу
Мамлекеттин көзүн карабай пенсияга кантип акча топтоого болот. Жол-жобосу

Улгайган убакта жалгыз пенсия менен жашоону каалагандар аздыр. Ошондуктан эксперттер пенсияны гана күтпөй, пассивдүү киреше алып келип, көнүп калган жашоону улантууга мүмкүнчүлүк берчү акча топтоого кеңеш беришет.

12 мая 2021
Тарых музейинин чет элдик компанияга канча карызы бар экени айтылды
Тарых музейинин чет элдик компанияга канча карызы бар экени айтылды

Дал ошол сот иштери али күнгө чейин аягына чыга элек. Бул ишке катыштыгы бар делген Сапар Исаковго карата Жогорку сот жакында эле Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

11 мая 2021
39 жаштагы Мирбек Кожоев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды
39 жаштагы Мирбек Кожоев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

11 мая 2021
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр аягына чыккан жок деп эсептейт
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр аягына чыккан жок деп эсептейт

АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыккан жок деп эсептейт. Бул тууралуу Атлантика кеңешинин онлайн-семинарында сүйлөп жатып мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник билдирди.

11 мая 2021
Жылдыз Бакашова COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штабды жетектейт
Жылдыз Бакашова COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штабды жетектейт

Кыргызстанда Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

11 мая 2021
Улуттук банк доллар эмнеге арзандап жатканын түшүндүрдү
Улуттук банк доллар эмнеге арзандап жатканын түшүндүрдү

Сомго болгон талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу улуттук валютанын баасы долларга карата бекемделе баштады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

11 мая 2021
Дүкөндөрдү тоноп, малын союп жешкен. Лейлектеги айылдардан аянычтуу кадрлар
Дүкөндөрдү тоноп, малын союп жешкен. Лейлектеги айылдардан аянычтуу кадрлар

"Кечке жуук болду, саат 20:00дөн кийин ооз ачар болоюн деп калган. Ооз ачышка жетишпей калдык. Жалын ичинен да, үстүнөн дагы чыгып жатты. Өчүрөйүн деп кирип ууланып калдым, Шухрат кошунам "кирбеңиз" деп колумдан тартып алып чыкты", — деди Турсунбаев.

11 мая 2021