Артём Новиков элди Орозо айт майрамы менен кыргыз тилинде куттуктады. Видео

13 мая 2021 Артём Новиков элди Орозо айт майрамы менен кыргыз тилинде куттуктады. Видео

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артём Новиков кыргызстандыктарды орозо айынын бүтүшү менен кыргыз тилинде куттуктады. Видеосун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

ВИДЕО

"Орозо айт майрамы биздин көп улуттуу элибиздин бай, руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү. Коронавирус пандемиясында жана Баткен облусундагы акыркы окуяларда элибиз биримдикти, тилектештикти жана чыдамдуулукту көрсөттү. Руханий тазалануу, кайрымдуулук жана жакшы иштерди жасоо сыяктуу баалуулуктар бардык диний ишенимдеги адамдарга бирдей жакын", — деди Новиков.

Ал мекендештерге чың ден соолук, бакыт, тынчтык жана ийгилик каалап, өлкөбүздө бейпилдик жана өнүгүү болсун деген тилегин айткан.


sputnik