Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Жапаровго чың ден соолук жана албан ийгиликтерди каалаган.
"Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө сизге жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм", — деп жазган куттуктоо катында.
Эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерден улам өнүгөт деген пикирин айткан.
"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат Ислам дининин жогорку баалуулуктарынын негизинде өнүгө берет. Анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле бири-бирин колдоонун алкагында эки элдин жыргалчылыгы арта берет", — деген куттуктоосунда Рахмон.
Бүгүн мусулман эл Орозо айтты майрамдап жатат. Президенттин маалымат кызматы Жапаровдун кимдерге куттуктоо жөнөткөнү туурасында кабар бере элек.