Бишкекте зомбулук менен өлтүрүлгөн эки аялдын сөөгү табылды

13 мая 2021 Бишкекте зомбулук менен өлтүрүлгөн эки аялдын сөөгү табылды

Бишкектеги Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу билдирүү райондук милицияга саат 11:25тер чамасында келип түшкөн.

Айтылган дарекке Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана жетекчилиги, Бишкек ШИИББдин жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчилиги жөнөп кеткен. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу барак тибиндеги жеке үйдөн зомбулук менен өлтүрүлгөн азиат түспөлүндөгү эки аялдын сөөгүн тапкан.

Каза болгондор 63 жаштагы А.А. жана анын 31 жаштагы А.А. аттуу кызы экени аныкталган. Учурда жеринде тергөөчүлөр менен ыкчам кызматкерлер иштеп жатканы айтылды.


sputnik