Жапаров: Акаев чыккынчылык экенин билип туруп Кумтөр боюнча келишим түзгөн

17 мая 2021 Жапаров: Акаев чыккынчылык экенин билип туруп Кумтөр боюнча келишим түзгөн

Мурдагы президенттер жана премьер-министрлер Centerra Gold Inc. компаниясы менен пайдасыз келишимдерди билими жетпегени үчүн түзгөн эмес. Бул туурасында Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерген комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров корутундуну жарыялап жатып билдирди.

Ал бийлик башында тургандар коррупцияга малынгандыктан 30 жылга жакын мезгилде "Кумтөрдүн" кызыкчылыгын коргоп, алардын позициясын, абалын бекемдеткен документтерге кол коюп келгенин түшүнүүгө болорун белгиледи.

"Кээ бирлер ойлогондой, мурдагы президент, өкмөт башчылардын баары эле чала сабат, билимсиз адам болгон эмес. Башканы айтпаганда дагы биринчи келишимге кол койдурган, Кумтөр Кыргызстанга өтө турган мөөнөтү жакындаганда реструктуризация өткөрүү чечимин чыгарткан академик Аскар Акаев жасап жаткан иштери карама-каршы келерин, мамлекетке чыккынчылык кылууга барабар болорун түшүнмөк. Анын билими да, тажрыйбасы да буга жетиштүү болчу", — деди Жапаров.

Мындан сырткары, ал Centerra комиссиясында тунгуч президенттин уулу Айдар Акаевдин дагы үлүшү болгонун кошумчалады.


sputnik