Өзбекстанда чылымдын айынан бүтүндөй бир көчөдө өрт чыкты. Видео

19 мая 2021 Өзбекстанда чылымдын айынан бүтүндөй бир көчөдө өрт чыкты. Видео

Анжиян шаарынын тургуну чылымдын калдыгын аягына чейин өчүрбөй таштап коюп, анын кесепетинен бир көчөдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМге шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

ВИДЕО

Маалыматка караганда, окуя Университет көчөсүндө болгон. Темекинин өчпөй калган калдыгы кургак чөптү күйгүзүп, андан ары жалын бак-даракка жабышкан.

ӨКМ жеринде эки бригада иштегенин, тилсиз жоо имарттарга өтүп кете электе аны чектеп калганын билдирген. Жабырлануучулар жок.


sputnik