Артём Новиков жаңы кызматка дайындалды

20 мая 2021 Артём Новиков жаңы кызматка дайындалды

Артём Новиков Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев төрагалык кызматынан бошотулду. Буга катар Артём Новиков үч жылдык мөөнөткө аталган фонддун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө..

Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

РКӨФтү быйылкы жылдын март айынан бери Азиз Аалиев жетектеп келген. 

Ал эми Артём Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап жаткан.


sputnik