Ысык-Көлдө автоунаалар кагышып эки аял каза болду

13 мая 2021 Ысык-Көлдө автоунаалар кагышып эки аял каза болду

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен эки аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 186-чакырымында Lexus RX-350 жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү машиналар кагышкан.

Каза болгон аялдар 30 жана 48 жашта болгон. Кырсыктан дагы төрт адам жабыркаган. Алардын үчөөсү 27, 48 жана 50 жаштагы эркек, бирөөсү беш жаштагы бала.

Жеринде куткаруучулар менен дарыгерлер иштеп жатышат. Милиция окуянын чоо-жайын аныктоодо.


sputnik