Республикада апрелден тарта ооругандардын саны кайрадан өсө баштаган. Министрлик чет жактардан чыккан штаммдардын Кыргызстандан да табылгандыгын билдирди. Алар COVID-19дун "британдык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана Россияда кездешкен штаммдары.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жаңы штаммдар эмнеси менен кооптуу экендиги тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова менен маектешкен.
— Азыр коронавирустун мутацияланган жаңы түрлөрү табылууда. Булар баштапкы коронавирустан эмнеси менен айырмаланып жатат?
— Былтыртан бери эле коомчулукта коронавирус тууралуу ар кыл кеп айтылып жатат. Анын ичинде жакында аныкталган жаңы штаммдар тууралуу да көп суроолор жаралууда. Былтыр март-апрель айында ооругандарда курч респиратордук оорунун симптомдору байкалган. Ал эми жайында ооругандарда өпкө жабыркап, пневмония абдан көп катталды. Күзүндө ага башка белгилер кошулуп, оору ич өткөк, көз оорулары менен коштолду. Мындан улам вирус барган сайын өзгөрүп жатат деп айтууга болот. Ар бир адамда иммунитет бар. Эгер иммунитет күчтүү болсо, үч күндө эле вирусту сыртка чыгарып таштайт да оору кадимки грипп сыяктуу өтүп кетет. Бейтаптын өнөкөт оорусу болуп же иммунитети начар болсо вирус баш көтөрүп, "чабуулга өтүп" дароо өнөкөт ооруларды козгойт. Ал эми дары ичкенде вирус алсырай баштайт, эгер ошол убакта башка адамга жукса, анда вирустун өзгөргөн формасы жугат. COVID адамдын организмине ыкташып алып да мутацияланат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, вирус сыртынан таякчалар менен капталып турат эмеспи. Организмге түшкөндөн кийин ошол таякчалары кол сыяктуу клеткаларды ачып кире алат. Бул ушундай өзгөчө вирус. Азыр дүйнөдөгү изилдөөнүн көбү ушул таажы вирусуна арналып жатат. Анын организмге кирип таякчалары менен клетканы ачып кирүүсү ылдамдап жатат. Булардын арасынан "британиялык" штамм кооптуу, тез жайылат.
— Азыр да изилдөө иштери жүрүп жатабы?
— Ооба, азыр кайсы штаммдын түрү түзүлүп жатканын изилдеп жатабыз. Мисалы, январда Улуу Британиядагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун лабораториясына 20 үлгү жөнөткөнбүз. Ал убакта бизден өтө кооптоно турган штаммдар катталган эмес. Негизи быйыл жыл башынан бери үч жолу штаммдарды изилдөө боюнча иш алып бардык. Февраль айында да Саламаттык сактоо министрлигинде Россиядан келген вирусологдор менен чогуу коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча чаралар иштелип чыгып, россиялык вирусологдор беш үлгүнү ала кеткен. Ал анализдер вирус мутация болгонун тастыктаган. Март айында ар кыл штаммдардын бар-жогун аныктоо үчүн коронавирус менен ооруп калган кыргызстандыктардын биоматериалдары изилденди. Бүт республика боюнча 30 үлгү вирусология жана эпидемиология боюнча россиялык "Вектор" илимий борборуна жиберилген. Анын жыйынтыгы менен бизде чет жактарда чыгып жаткан штаммдын төрт түрү да катталган. Ошонун ичинен эң эле кооптуусу "британиялык" штамм болуп жатат. Анткени абдан бат тарайт. "Түштүк африкалык", "индиялык" жана Россияда кездешкен штаммдарын өтө кооптуу деп айтууга болбойт. Акыркы кезде эпидемиологиялык абал курчууда. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандагы лаборатория суткасына 1000-1500дөн кем эмес ПЧР-анализдерин жүргүзсө, апрелдин башынан тартып суткасына 5000ден кем эмес анализ жасалып жатат.
Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандын өзүндө коронавирустун жаңы штаммдарын аныктаган лабораторияларды ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө.
— Кыргызстандагы жаңы катталган оорулардын дээрлик жарымы вирустун британиялык штаммын жугузуп алганы айтылат. Республикада мутацияланган, жаңы штаммдардын жайылып кетүү коркунучу канчалык жогору деп айтат элеңиз?
— Санитардык эрежелерди кармоого чакырып жатабыз. Азыр Бишкек шаары кооптуу аймакка кирип, Чүй облусу "кызыл зонага" жакындап калды. Бул вирустун өтө тездик менен тарап жаткандыгынан кабар берет. Кайсы штаммдар жүрүп жатканын азыр так билебиз. Буга чейин Саламаттык сактоо министри Роспотребнадзордун башчысы менен жолугушуп, макулдашууга кол коюшкан. Анын негизинде эки жыл бою 300 үлгүнү терең изилдөө үчүн Россияга жөнөтүп турабыз. Кыргызстандын лабораториялары жаңы штаммдарды аныктай албагандыктан анализдер Улуу Британияга жана Россияга жөнөтүлөт.
Бирок улуттук лаборатория чет мамлекетке кетүүчү вирустун үлгүлөрүнүн жарым-жартылай изилдөө ишин өзүбүз жасайбыз, анткени алыска баруучу вирус өлбөй, сак барышы керек.
— Элдин 60-70 пайызында вируска каршы антитело болушу керектиги айтылат. Башкача айтканда, кыргызстандыктардын ушунча пайызы эмделиши же ооруп чыгышы керек экен. Кайсы аймактар ушул талап кылынган көрсөткүчкө жакындап калды? Вакциналар натыйжалуу болуп жатабы?
— Вирустун жаңы штаммы өтө тез тарайт. Ошондой эле кыргызстандыктардын көбү ооруп чыкты. Андан кийин организм өзү эле иштеп чыгат да. Мисалы, М жана G деген эки антитело болот. Адамда М антителосу аныкталса, бул курч мезгилдеги ооруну көрсөтөт. G антителосу аныкталса анда ооруп бүтүп, сакайып калгандагы кез болот. Ооруп бүткөн адамдын организминде антитело 8-9ду көргөзсө, анда жакшы. Мында организм өзү эле күрөшүп, вирусту таанып калып, жалпак тил менен айтканда жеңип чыгат. Антитело төмөн болсо эмдөө алышы керек. Калкты толук эмдөөдөн өткөрүү аркылуу коронавирусту жеңип, жоготууга болот. Эл арасында ишенбегендер да бар.
— Дарыгерлер кандай тартип менен иш алып барып жатышат?
— Бул вирустук инфекция болгондон кийин эң негизгиси вируска каршы препараттар керек. Вирустук ооруларда эч качан антибиотик колдонбош керек. Анткени антибиотик иммунитетти түшүрүп, мындайча айтканда, коронавируска жардам берип коюшу мүмкүн. Эгер оору өрчүп кетип, пневмонияга алып барса, анда антибиотик колдонуу зарыл. Анан дагы кан суюлтуучу препараттар да колдонулат. Ар бир дарыгер бейтаптын абалына жараша дары-дармек жазып берет.
— Кээ бир адамдар такыр эле оорубаганын айтышат. Генетикалык өзгөчөлүктөргө байланыштуу айрымдар вирус менен оорубай калышы мүмкүнбү?
— Ушундай бир божомол бар. Мисалы, мен өзүм ооруган жокмун. Болбосо коронавирус келген алгачкы күндөн баштап эле лабораториялык изилдөөлөрдү жасап баштаганбыз. Вирус менен көп эле контакт болуп жатам. Элдин өтө төмөн пайыздагы катмары генетикалык өзгөчөлүктөн жана иммунитети жогору болгондуктан вируска туруштук бериши мүмкүн. "Биз ооруп бүттүк, болду, оорубайбыз" дегенге да болбойт. Баары бир сактаныш керек. Жөнөкөй эле сасык тумоо менен ооруган адам сакайгандан кийин коронавирус жуктуруп алса, оору башкача өтөт. Себеби берки грипп иммунитетти түшүрүп салат.
— Сасык тумоо болуп калсаңар да сактангыла, анткени коронавирус менен симптомдору окшош болуп жатат деген коңгуроо кагылды. Биздин өлкөдө коронавирус сасык тумоону сүрүп чыккан жокпу?
— Туура байкоо. Биздин улуттук вирусология лабораториясы сасык тумоону жылына иликтеп, анализдин жыйынтыгы менен канча адамда сасык тумоо катталды жана элдин канча пайызы эмделиши керектиги тууралуу чечим чыгарат. Кызыгы, былтыртан бери сасык тумоо менен катталгандардын саны кескин азайды. Бирок курч респиратордук инфекция менен ооругандар чыгып жатат. Коронавирус сасык тумоону сүрүп чыгарды деген божомол бар, бирок бул жаатта көптөгөн илимий изилдөөлөрдү жасоо керек.