"Кумтөрдүн" тагдырын чечкен комиссияга кимдер кирген. Тизме

13 мая 2021 "Кумтөрдүн" тагдырын чечкен комиссияга кимдер кирген. Тизме

"Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия Жогорку Кеңеште быйылкы жылдын февраль айында түзүлгөн. 

Комиссия түзүүнү "Республика — Ата-Журт" фракциясы быйылкы жылдын февралында сунуштап, кийинчерээк аны ЖКнын тармактык комитети колдогон.

Алгач комиссиянын курамына ар бир партиядан бирден өкүл киргизүү туурасында айтылып, бирок бир катар депутаттардын нааразылыгынан улам пропорционалдык принцип боюнча түзүлгөн.

Жыйынтыгында комиссияга төмөнкү депутаттар кирген:

  • Каныбек Иманалиев — "Ата-Мекен";
  • Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев, Айнуру Алтыбаева — КСДП;
  • Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов — РАЖ;
  • Акылбек Жапаров — "Бир Бол";
  • Осмон Турдумамбетов — "Өнүгүү — Прогресс";
  • Замирбек Эсенаманов, Урматбек Самаев — "Кыргызстан".



sputnik