Маалыматка ылайык, бүгүн Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу муфтийди тандай турчу Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жылдырылганы белгиленди.
28 мая 2021Ага ылайык, бүгүн, 27-майда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында буга чейинки төрага Абибилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, канааттандырылган. Натыйжада көпчүлүк добуш менен ордуна Абдиманап Масалиев шайланды.
28 мая 2021Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы беш пункт аркылуу гана чыгып кете алат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
28 мая 2021Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери, УКМКнын запастагы полковниги, тарых илиминин кандидаты Болот Абдрахманов жакынкы убактарда эле "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) деген аталыштагы он томдук китебин чыгарды.
28 мая 2021Тоо-кен өндүрүшү жаатындагы 34 жыл иштеп, бай тажрыйба топтогон. Бул аралыкта Канада, Россия, Казакстан, Монголия, Кытай, Иран, ТАР, Перу, Германия, АКШ, Австралия сыяктуу 13 мамлекетте 18 ири долбоорду жетектеген. Американын эки инженердик компаниясында долбоордун жетектөөчү менеджери болгон.
28 мая 2021Буга чейин облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алдын ала маалымат таратып, төрт кишинин каза болгонун айткан. Трассадан MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу менен Toyota Camry кагышканы белгилүү болду.
27 мая 2021Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов камакка алынды. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
27 мая 2021Азырынча мындай мүмкүнчүлүктөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер гана пайдалана алышат. Аталган ишкананын билдирүүсү боюнча эми ипотекалык насыянын үстөгү төрт пайызга түшүрүлүп, алдыдагы беш жыл аралыгында 7 500 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
26 мая 2021Караколдогу зоопаркта түркстандык сүлөөсүн этиологиясы белгисиз эки тараптуу пневмония болуп калды. Бул туурасында "Бугу-Эне" коомдук фонду билдирди.
25 мая 2021Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын бир катар продукцияларын Россияга экспорттоочуларга маркалоо коддору бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
25 мая 2021Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Ниязга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Достык" ордени тапшырылды.
25 мая 2021Бүгүн эртең менен Бишкекке келе жаткандагы айланма жолдо Honda Odyssey автоунаасы оодарылып кетип, 23 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
25 мая 2021Ушул жылдын март айынын аягында Кыргызстандагы банктарда улуттук валютанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 104 миллиард сомдон ашты. Маалыматты Улуттук банктын сайтынан көрүүгө болот.
25 мая 2021Орусия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.
25 мая 2021Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) башкаруучулугунун төрайымынын орун басары Амантур Омуров мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени эмнеден кураларын айтып берди.
25 мая 2021Өзүн биржалык иштердин катышуучусу катары тааныштырып, биткоин жана ири компаниялардын акциялары менен күнүмдүк соода жүргүзүүнү сунуштаган шылуундардын командасы пайда болду. Мындай эскертүүнү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы таратты.
25 мая 2021Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.
25 мая 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров Россиянын Сочи шаарына жетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
24 мая 2021Centerra Gold Inc. компаниясынын төлөм боюнча документтердин жасалма экендиги жана 29 миллион доллардын уруксат берилбеген эсепке которулушу боюнча айыптоосу бир топ суроолорду жаратууда. Мындай позициясын "Кыргыз алтын" ишканасы билдирди.
24 мая 2021Ноокат районунда үч күн мурда дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн автоунаасынын багажнигинен табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.
24 мая 2021Жумуш учурунда сексуалдык асылууга тыюу салуу жана ага жоопкерчилик киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
24 мая 2021Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урматбек Кокочаров аталган мекеме "Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында төрт пайыздан 25 жылга ипотекалык насыя берүү долбоорун иштеп чыккандыгын айтты.
24 мая 2021Америкалык ири электрондук соода платформасы өз аянтчасында катталууга кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө мүмкүндүк берди. Жаңы тизме компаниянын сайтында жарыяланды.
24 мая 2021Мекеме азыр көп каражат талап кылган ири имарат кура турчу мезгил эмес экенин, бирок келечекте ишке ашышы мүмкүн деген үмүт менен эскиз иштелип чыкканын белгиледи.
24 мая 2021Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо" долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Коронавирус пандемиясында көп адам жумушсуз калбадыды. Ошолор кесипти онлайн өздөштүрүп, үйдө отуруп акча тапса деген максат менен ишибизди баштаганбыз.
24 мая 2021Индияда COVID-19 күч алгандан бери аны менен чогуу жайыла баштаган мукормикоз илдетине кабылгандардын саны 9 миңге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн химиялык өнөр жай министри Садананда Гоудага шилтеме берип РИА Новости жазды.
24 мая 2021Moderna менен BioNTech компанияларынын жетекчилери, коронавируска каршы вакцина чыгарган дагы жети киши менен бирге миллиардер болушту.
24 мая 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
24 мая 2021"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров алтын кенди убактылуу сырттан башкаруунун жол-жобосу тууралуу түшүндүрмө берди.
21 мая 2021Эгер Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз тарап койгон экологиялык жана салыктан качуу боюнча доону төлөөдөн баш тартса, мүлкү камакка алынат. Бул тууралуу "Кумтөр голд" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
21 мая 2021Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
21 мая 2021Жырткыч жаактарын эс алдыргысы келдиби же башка себеп болдубу, айтор, оозун ачканда азуулардан бошонгон жейрен секирип туруп ажалдан качып кеткен.
20 мая 2021Апрель айында Кыргызстандын алтын кору 22 миллиард долларга кымбаттады. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн Улуттук банкынын расмий сайтына чыкты.
20 мая 2021Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо 21-май күнү саат 14:30да өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
20 мая 2021