Индияда жайылып жаткан жаңы илдетти жуктургандардын саны 9 миңден ашты

24 мая 2021 Индияда жайылып жаткан жаңы илдетти жуктургандардын саны 9 миңден ашты

Индияда COVID-19 күч алгандан бери аны менен чогуу жайыла баштаган мукормикоз илдетине кабылгандардын саны 9 миңге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн химиялык өнөр жай министри Садананда Гоудага шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Илдет көбүнесе Гуджарат штатында катталып жатат. Учурда ал жерде 2,2 миң киши аталган дартка чалдыккан. Мукормикозду дарылоо үчүн 23 680 куту амфотерицин-В препараты бардык штаттарга таратылды", — деген Гоуда.

Эске салсак, бул илдет Индияда апрель айынын башында аныкталган болчу.

Мукормикоз жугуштуу ооруларды таркаткан грибок инфекциясы болуп саналат. Ал адатта мурун көңдөйүн жабыркатат дагы көбүнчө нымдуу имараттарда, чирип кеткен жашылча-жемиште пайда болот (көк каптап кетет).

Белгилей кетсек, Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Оору илештиргендердин саны бул мамлекетте 26 миллиондон ашты.


sputnik