Чүйдө унаа оодарылып кетип 23 жаштагы жигит көз жумду

25 мая 2021 Чүйдө унаа оодарылып кетип 23 жаштагы жигит көз жумду

Бүгүн эртең менен Бишкекке келе жаткандагы айланма жолдо Honda Odyssey автоунаасы оодарылып кетип, 23 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 49-чакырымында, тагыраагы, Ысык-Ата районунун аймагында саат 06:12де жеңил автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Кесепетинде машина оодарылып кетип, айдоочу көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн талкаланган автоунаадан алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.


sputnik