Садыр Жапаров Сочиге жетти. Сүрөт

24 мая 2021 Садыр Жапаров Сочиге жетти. Сүрөт

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Россиянын Сочи шаарына жетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Россияга бүгүн, 24-майда, иш сапары менен учуп кеткен.

"Сапардын алкагында Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү тууралуу сүйлөшүп, регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулай турганы кошумчаланды.


sputnik