Садыр Жапаров Россияга үч кишинин коштоосунда жөнөп кетти

24 мая 2021 Садыр Жапаров Россияга үч кишинин коштоосунда жөнөп кетти

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, иш сапардын алкагында Жапаров Россиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылып жатат.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылууга, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргызстанга Россия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.


sputnik