Тажикстандын жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетет. Тизме

28 мая 2021 Тажикстандын жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетет. Тизме

Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы беш пункт аркылуу гана чыгып кете алат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим министрлер кабинети убактылуу чектөөлөрдү киргизгенине байланыштуу кабыл алынган.

Тажикстандыктар ушул өткөрүү пунктулары аркылуу өлкөсүнө кете алат:

  • "Кулунду";
  • "Кайрагач";
  • "Кызыл-Бел";
  • "Бордобо";
  • "Карамык".

Министрлик чектөөлөр дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана эл аралык уюмдарда иштеген тажик жарандарына тиешелүү эмес экенин белгиледи.


sputnik