Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапты

25 мая 2021 Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапты

Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Мындай чечимди министрлер кабинети 21-май күнү кабыл алган.

Тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана КРди транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөөлөр коюлган. Ошондой эле "Кулунду", "Кайрагач”, "Кызыл-Бел”, "Бордобо” жана "Карамык” өткөрүү пункттары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр каралган.

Чектөөлөрдүн айрым учурларга гана тиешеси жок:

  • эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашуудан кийин).

Ошол эле учурда Тажикстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары, ошондой эле Кыргызстанда жүргөн тажик жарандары мекенине өтүп кете алат.


sputnik