Россияга экспорттолчу айрым товарларды маркалоо башталды. Жол-жобосу

25 мая 2021 Россияга экспорттолчу айрым товарларды маркалоо башталды. Жол-жобосу

Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын бир катар продукцияларын Россияга экспорттоочуларга маркалоо коддору бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Мамлекттик салык кызматы менен товарларды маркалоонун улуттук системасынын оператору "Альфа Телеком" 20-майдан тарта жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүн Россияга экспорттоочуларга маркалоо коддорун берүүгө киришти. Маркалоо коддору Россиянын маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүп, операторлор аралык алмашуунун алкагында "Альфа Телекомго" берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкерлер коддорду алуу үчүн алгач GS1 Kyrgyzstan предметтик нумерациялоо ассоциациясына кирүүсү зарыл. Андан кийин гана "Альфа Телеком" ишканасы менен өндүрүүчүнүн (же экспортер) ортосунда келишим түзүлөт. Анын негизинде код заказ кылып, товарга басып берүү жана жүктөө боюнча системага кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Россияга экспорттоодо төмөнкү өнөр жай товарлары маркаланууга тийиш:

  • кийим-кече, анын ичинде табигый же курама булгаарыдан жасалгандар;
  • кыз-келиндер үчүн машинага же колго токулган жеңил кийимдер;
  • пальто, кыска пальто, накидкалар, плащтар, курткалар (анын ичинде лыжа тебүү үчүн), ветровкалар, штормовкалар жана ошол сыяктуу эркектердин жана аялдардын буюмдары;
  • төшөк, ашкана жана даараткана буюмдары.

"Альфа Телеком" ишканасы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылууга болот.

Бишкек шаарында:

  • Чыгыш-5 кичи району, Чүй проспекти, 32/б үйү, "Изумруд" соода борборунун жанында;
  • Кожевенная көчөсү, "Дордой" базары, 15-өтмөк, №60-61 контейнер ("Мир обуви");
  • Чүй проспекти, 204, "Берекет Гранд", 0-кабат;
  • Айтматов проспекти, 3, Asia Mall, 0-кабат.

Ош облусунда:

  • Ош шаарында Масалиев проспекти, 2 (Каныкейдин эстелиги);
  • Кара-Суу шаарында Бакиев көчөсү (К. Жакыпов атындагы мектеп-интернаты).

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты "Текшер" системасынын расмий сайтынан, ошондой эле акысыз 116 жана 0 999 333 999 номерлерине чалуу аркылуу Салык кызматынын маалымат борборунан алууга болот.

sputnik