Кыргызстандын банктарында сомдун көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

25 мая 2021 Кыргызстандын банктарында сомдун көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Ушул жылдын март айынын аягында Кыргызстандагы банктарда улуттук валютанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 104 миллиард сомдон ашты. Маалыматты Улуттук банктын сайтынан көрүүгө болот.

Башкы банк аманат катары жаткан акчаларды эсепке алууда. Кеп жеке жана юридикалык тараптар тууралуу болуп жатат.

Март айынын аягындагы маалыматтар боюнча, депозиттердин жалпы көлөмү 184 миллиард 359 миллион сомго жеткен. Анын ичинен 104 миллиард 61,3 миллиону сом менен, калганы чет элдик валюта түрүндө сакталып турат.

Буга чейин улуттук валютанын көлөмү болгону үч ирет 100 миллиарддан ашкан (бардыгы 2020-жылдын ичинде):

  • август — 100,6 миллиард сомдон көбүрөөк;
  • сентябрь — 100,6 миллиард сом;
  • декабрь — 103,3 миллиард сомдон көбүрөөк.


sputnik