Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания 6-8 пайыз менен 15 жылга чейинки мөөнөткө турак жай алуу үчүн насыя берип келет.
Азырынча мындай мүмкүнчүлүктөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер гана пайдалана алышат. Аталган ишкананын билдирүүсү боюнча эми ипотекалык насыянын үстөгү төрт пайызга түшүрүлүп, алдыдагы беш жыл аралыгында 7 500 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
"Менин үйүм 2021-2026" программасынын артыкчылыктары жана шарттары тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урматбек Кокочаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек курду.
— Мамлекеттик ипотекалык компания "Менин үйүм 2021-2026" программасын иштеп чыкты. Анда төрт пайыз менен ипотека берилери кабарланды. Шарты кандай?
— Бул идея 2021-жылдын 5-май күнү президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлдү. Анда калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу негизги багыттардын бири экендиги белгиленди. Буга чейин өкмөттүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы иштеп, үстөк пайызды 6-8ге чейин түшүрүүгө мүмкүн болгон, ал эми жаңы сунушталып жаткан "Менин үйүм 2021-2026" программасы ушул жылдын август айынан тарта ишке кирет. Анда негизги максат үстөк пайызды түшүрүү болду. Бул долбоор боюнча эми ипотекалык насыя мамлекеттик кызматкерлерге төрт пайыз менен 25 жылга берилет. Мурдагы программалардан кескин айырмаланган дагы бир жагдай, мында кардарлардан баштапкы төлөм талап кылынбайт, керектүү документтерин тапшырып кезекке тура беришет. Төлөө убактысы узак мөөнөткө берилгендигине байланыштуу үстөк пайыз төмөндөдү.
— Программа кандай ишке ашат? Каражат кайдан алынат?
— Муну Республикалык бюджеттен берилген ссуда деп атаса болот. Буга чейин ортомчу банктар жана Мамлекеттик ипотекалык компания алты пайызга чейин өздөрүнүн бир пайыздык оперативдик чыгымын кошуп насыя берип келген. Биз ошону алдыртып жатабыз. Мындан тышкары, мурунку программаларда турак жай курулушу боюнча активдүү аракеттер жүрбөй келген. Бишкек жана Нарын шаарларында гана бирден үй курулган. Биз даяр үйлөрдү сунуштап, ортомчу катары иштеп келген элек. Жаңы долбоор боюнча алты жыл ичинде 800 миң чарчы метр турак жай курулушу керек.
Жаңы программанын өзгөчөлүгү түз каржылоо болуп саналат. Учурда банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өнөктөш банктар менен бир пайыздык үстөктү алып, оперативдик чыгымдар менен гана иштөөнү уланта беребиз. Эгер каршы чыккан банктар болсо алар менен келишимди жокко чыгарабыз. Ал эми курулуш объектилери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын активдери болуп калат. Мурда иш башка нукта жүрүп, жөн гана бюджеттик ссуда, гранттык каражат, насыялар берилген. Даяр үйлөр сатып алынгандыктан, үстөк пайыз түшкөн эмес.
— "Менин үйүм 2021-2026" программасы качан ишке кирет?
— Бул долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан жактырылды. Учурда тиешелүү министрликтер менен макулдашуу жүргүзүлүп бүтүп калды. Жакынкы күндөрү өкмөттүн тиешелүү буйругу менен бекитилмекчи. Ошондон тарта иштеп баштайт. Курулушта дароо пайда табуу мүмкүн эмес. Андыктан бир жылдан кийин жылыш байкалат. Бүгүнкү күндө 9500дөй жаран ипотекага үй алууга жана үй шартын ондоого кайрылып, тизмеси аныкталган. Бир мезгилде баарын камсыз кылуу оңой эмес, этабы менен ишке ашат. Жылдан-жылга ипотекалык баалуу кагаздар, акциялар, турак жай сертификаттары чыгарылып, алты жылдын ичинде каржылоо 30 миллиард сомго чейин жүрөт.
— Аталган программаны кимдер колдоно алат?
— Долбоорду мамлекеттик жана муниципалдык мекемеде иштеген турак жайы жок кызматкерлер колдоно алат. Ипотекалык насыя берүү жаш кадрларга ылайыкталган. 21 жаштан жогору болуп, акыркы төлөө мөөнөтү 65 жаштан жогору болбогон категориядагы адамдар алышат.
— Өкмөттүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасында катталган жарандар "Менин үйүм 2021-2026" программасы аркылуу турак жай ала алабы?
— Албетте, буга чейин катталган адамдар кийинки жаңы программага кошулат. Ал эми "Арзан турак жай 2015-2020" программасы менен 6-8 пайыздык ипотека алган кардарлардын пайызын да төрт пайызга түшүрүү пландалууда. Бирок ал дароо эле ушул жылы ишке ашат деп айта албайбыз. Банктар менен сүйлөшүп, донорлорду табуу маселеси турат. Ушул маселелердин баары чечилген соң этап-этабы менен төрт пайызга түшүрүп баштайбыз. Кийинчерээк мамлекеттик кызматкерлерден сырткары калктын калың катмарын да кошуу каралат. 2-3 жылдан кийин кээ бир чектөөлөр да алына баштайт. Мисалы, төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик кызматта иштебегендерге да алууга жол ачылат.