Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматтан кетип, жаңысы шайланды

28 мая 2021 Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматтан кетип, жаңысы шайланды

Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап кары Масалиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Ага ылайык, бүгүн, 27-майда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында буга чейинки төрага Абибилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, канааттандырылган. Натыйжада көпчүлүк добуш менен ордуна Абдиманап Масалиев шайланды.

Аалымдар кеңешинин жаңы төрагасы 1965-жылы Баткен шаарында туулган. Бишкектеги борбордук мечитинин башкы имамы, Уламалар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын казысы болгон. 2007-жылдан бери борбордогу "Тунгуч" мечитинде имам хатиб болуп келген.

Муфтият ал эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаштарга куран окууну жана ислам таалимин үйрөтүүдө салымы чоң экенин белгиледи.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.


sputnik