Муфтий 21-майда шайланат. Талапкерлер белгилүү болду

20 мая 2021 Муфтий 21-майда шайланат. Талапкерлер белгилүү болду

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо 21-май күнү саат 14:30да өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, муфтийликке алты кишинин документи талапка жооп берди:

  • Нурбек Токтогулов;
  • Султанали Гапуров;
  • Шүкүр Исмаилов;
  • Нематилла Жээнбеков;
  • Ниязали Арипов;
  • Убайдулла Сарыбаев.

Ошондой эле муфтият 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, ал эми 24-25-май Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө шайлоолор боло турганын айтты.

Эске сала кетсек, 5-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтүп, муфтий кызмат ордуна, Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланары айтылган. Бирок 30-мартта талапкерлерди тандоо жылдырылган. Бул кызмат орундарга аттангандардын тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билими боюнча документтерин кылдат текшерүү көп убакытты талап кылып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Мындан сырткары, чагымчылдар Курултайды үзгүлтүккө учуратууга жасаган аракеттери жыйынды жылдырууга негиз болгону айтылган. 

sputnik