Ипотекалык кредиттин суммасы кантип калыптанат? Адистин жообу

25 мая 2021 Ипотекалык кредиттин суммасы кантип калыптанат? Адистин жообу

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) башкаруучулугунун төрайымынын орун басары Амантур Омуров мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени эмнеден кураларын айтып берди.

"Ипотекалык кредиттин суммасы финансы булагына жараша калыптанат. Мисалы, азыркы коюмдар өкмөт бөлгөн бюджеттик кредиттин суммасынан, насыяны тейлөө үчүн чыгымдардан жана банктын пайдасынан көз каранды. Учурда ипотекалык кредит үчүн 4,8 миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик насыя берилген",— деди Омуров.

Адистин айтымында, учурда МИК ипотекалык кредитти арзандатуу максатында кошумча ресурстарды издеп жатат. Жаңы турак жай программасынын негизинде эл аралык донорлордон каражат тартуу пландалууда.

Омуров кошумчалагандай, буга чейин өлкө президенти Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын ставкасын 4 пайызга түшүрүүнү талап кылган. Учурда компания бул боюнча аракеттерди көрүп жатат.


sputnik