Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени тапшырылды

25 мая 2021 Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени тапшырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Ниязга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Достык" ордени тапшырылды.

Садык Шер-Нияз Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болгон 2-даражадагы "Достык" ордени менен эки элдин маданиятына кошкон салымы үчүн сыйланган.

Сыйлык тапшыруу аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият өкүлдөрү катышкан.


sputnik