Amazon кыргызстандык ишкерлерге түз соода кылууга уруксат берди

24 мая 2021 Amazon кыргызстандык ишкерлерге түз соода кылууга уруксат берди

Америкалык ири электрондук соода платформасы өз аянтчасында катталууга кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө мүмкүндүк берди. Жаңы тизме компаниянын сайтында жарыяланды.

Эске сала кетсек, бир нече жылдан бери борбор азиялык ишкерлер Amazon платформасына каттала албай келген. Эми компания бул чектөөнү алып салды.

Катталуу үчүн ишкер паспорт көчүрмөсүн, кредиттик картасын, банктагы эсебин, телефон номерин жана төлөгөн салыктары боюнча маалыматтарды көрсөтүшү керек.

Каттоо ийгиликтүү аяктаган соң баракчасы активдештирилип, европалык соода аянтчаларына жол ачылат.


sputnik