Депутаттар иш учурунда кыз-келинге асылгандарга чара көрчү мыйзам сунуштады

24 мая 2021 Депутаттар иш учурунда кыз-келинге асылгандарга чара көрчү мыйзам сунуштады

Жумуш учурунда сексуалдык асылууга тыюу салуу жана ага жоопкерчилик киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары: Айнуру Алтыбаева, Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, Евгения Строкова, Наталия Никитенко, Бурун Аманова жана Махабат Мавлянова.

Бул мыйзам долбоору кызматкердин жеке кол тийбестик укугун, ошондой эле сексуалдык асылуудан коргоо максатында иштелип чыкканы белгиленет.

Маалыматтык негиздемеде "Кыргыз сот аялдары" ассоциациясы Бишкек, Кара-Балта, Ош жана Токмокто ар түрдүү кызматтагы жана ЖОЖдордогу 877 кыз-келин арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзгөнү жазылган.

Көпчүлүгү көйгөй бар экендигин моюнга алып иштеген аялдардын 23 пайызы, студенттердин 21,9 пайызы сексуалдык асылууга дуушар болгонун айтышкан. Аны менен бирге асылуулардын 80 пайызы мамлекеттик мекемелерде болорун көрсөткөн. Буга 20 жаштан 38 жашка чейинки күйөөсү жок, катардагы кызматты ээлеген аялдар кабылган.

"Изилдөөнүн авторлору кызматтык даражасы төмөн аялдар сексуалдык асылууга көбүрөөк кабылышканын айтат. Аларга орто жана жогорку звенодогу эркек жетекчилер ыдык көрсөтөт. Натыйжада мындай көйгөйдү жоюп, күнөөлүүнү жоопко тартуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү, ошондой эле жумуш ордунда көрүлө турган түрдүү превентивдүү чараларды колдонуу сунушталды", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоору төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

  • эмгек укуктук мамилелер чөйрөсүндө кысымга жана асылууга тыюу салуу;
  • кызматкерге асылууда келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу укугун камсыз кылуу;
  • иш берүүчүнүн милдеттерине этикалык эрежелерди жана уюштуруу маданиятынын ченемдерин бекемдөөгө багытталаган актыларды кабыл алуу боюнча милдеттерди киргизүү;
  • иш берүүчүнүн милдеттерине кызматкерлерге асылууну жокко чыгаруучу шарттарды түзүү боюнча талап коюу;
  • кызматкерлерге асылуудан коргоо укуктарын берүү;
  • кызматкердин жеке кол тийбестик укугун жана асылуудан коргоо боюнча мамлекеттик ченемдик талаптарды иштеп чыгуу;
  • кызматкерге асылуу учурларын териштирүү жана эсепке алуу;
  • асылуудан улам кызматкерге келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти иш берүүчүгө жүктөө;
  • мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар жана сот тарабынан кызматкерди сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдөн коргоо боюнча укуктук ыкмаларды киргизүү.

Азыркы мыйзамдарда асылуу болгон учурда кызматкердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берүүчү нормалар жок экени белгиленди.


sputnik