"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт

19 мая 2021 "Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Кумтөр Голд Компани" ЖЧКнын жамаатына ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы менен дайындалган.

"Кендеги иш токтотулбайт, жумуш штаттык режимде уланат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар болбойт. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу", — деп Марипов билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында "Кумтөрдү" тышкы башкарууга алуу чечими кабыл алынган. Жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканы айтылган.



sputnik