Жакында эле басаңдаган чек ара чыр-чатагында "Бөрү" атайын дайындоодогу отрядынын эрдиги белгиленип, алкыштар айтылууда.
УКМКнын Чек ара кызматына караган "Бөрү" спецназы тарыхы, милдети, өлкө алдында аткарган ири тапшырмалары жана жоготуулары тууралуу Sputnik агенттиги айтып берет.
Айрым жагдайлар Чек ара кызматынын маалымат кызматы менен макулдашылган. Материалда жашыруун деген маалыматтар айтылбайт.
Чек ара кызматынын төрагасына баш иет
Кыргызстандагы белгилүү, ошол эле учурда өтө жашыруун атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн бири — УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын "Бөрү" аталышындагы атайын дайындоодогу отряды. Анын аскерлери чек аранын бардык периметринде кызмат өтөшөт.
"Бөрү" түздөн-түз Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына баш иет. Аталган отряд 2002-жылдын 27-декабрында түзүлүп, 2007-жылдын 22-мартында "Бөрү" деген аталышка ээ болгон.
Милдети
Башкы милдети мамлекеттик чек араны коргоодо жана ал жактагы кырдаалды жөнгө салууда атайын тапшырмаларды аткаруу, террордук аракеттерге каршы операция жүргүзүү, мыйзамсыз куралдуу топтордун иш-аракетине жол бербөө болуп саналат. Ошондой эле атайын даярдыктагы отряддын өздүк курамы чек ара тилкелеринде жана алыскы тоолуу аймактарда чалгындоо-издөө иштерин жүргүзүшөт.
Жоокерлердин даярдыгы
"Бөрүнүн" өздүк курамынын убактысынын 80 пайызы тоодо өтүп, жоокерлер тоо-ташта машыгууга өзгөчө көңүл бурушат. Атайын-тактикалык, чалгынчылык, инженердик, ок атуу, дене бой даярдыгы жана башка машыгуулардан өтүп турушат.
Өлкө ичиндеги машыгуулардан тышкары эл аралык антитеррордук окуу-даярдыктарга катышып, чет элдик кесиптештери менен теңтайлаша аскердик чеберчиликтерин жогорку деңгээлде көрсөтүп келишет.
Атайын даярдыктагы бөлүк аскердик курал-жарак жана атайын техникалык каражат менен толук камсыздалган.
Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөдөгү чек ара аймактарында болуп турган кырдаалдарды эске алуу менен "Бөрүнүн" өздүк курамынын тажрыйбасы мол экендигин белгиледи.
"Бөрүлөр" арзыган жашыл берет
Карышкырдын башы түшүрүлгөн жашыл өңдөгү берет жоокердин профессионал экендигинен кабар берет. Аскерлер сыймыктуу баш кийимге ээ болуу үчүн бир нече сыноодон өтүшөт.
Алгач жоокерлер спарринг түрүндө бир нече беттеш өткөрүшөт. Андан кийин дене бой даярдыгы мыкты экендигин тастыктоо аракетинде атайын спорттук үч көнүгүүнү жасап беришет. Кийинки этапта 50 метр аралыкты кыска убакытта жөрмөлөп өтүшү зарыл. Ошондой эле 100 метрге чуркашат. Соңунда Карабин автоматын көтөрүп, тактикалык жилетти кийип 10 чакырымды жүгүрүп өтүп (марш-бросок) 54 мүнөттө келиши шарт.
Кийинки баскычтарда тактикалык даярдыгы, ок атуу чеберчилиги, аскердик топографиялык билими текшерилет. Ошондой эле аскер кызматчылардын радиобайланыш менен маалыматты берүү жөндөмү жана тоо шартында тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыгы каралат.
Жогорудагы сыноодон сынбай өткөндөр гана жашыл беретке ээ болушат. Кийин жоокердин ишинде эреже жана тартип бузуулар боло турган болсо ал баш кийим артка кайтарылат.
Өздүк курамда эркектерден тышкары аялдар дагы кызмат өтөйт. Учурда жоокерлердин арасында ардактуу жашыл беретке ээ болгон эки айым бар.
Ош коогалаңындагы салымы
2010-жылдагы Ош окуясында "Бөрүнүн" өздүк курамына чет өлкөлүктөрдү коргоо жана аэропортко чейин коштоп баруу, ошондой эле оор кырдаалда калган аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыздоо жүгү артылган.
2014-жылы да Головнойдогу чырды чечүүгө көмөктөшкөн
2014-жылдын 11-январында "Бөрүнүн" жоокерлери кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылындагы Головной тилкесиндеги куралдуу чыр-чатакты чечүүгө жигердүү салымын кошкон. Ал жакта Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушунда эки өлкөнүн тургундарынын арасында пикир келишпестик жаралып, андан кийин чек арачылар атышкан. Ошол кездеги маалыматтар боюнча, тажик тарап гранатомёт жана миномёт менен ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жаракат алган. Абал жөнгө салынгандан кийин кыргызстандык бир нече аскер кызматкери эрдиги жана каармандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан.
2019-жылдагы алгачкы жоготуу...
"Бөрү" атайын даярдыктагы отрядында биринчи жоготуу 2019-жылы катталган. Анда 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги, 41 жаштагы Равшан Муминов каза таап, 13 киши жарадар болгон. Муминов курман болгондон кийин Эрдик медалы менен сыйланып, өкмөт тарабынан үй-бүлөсүнө турак жай берилген.
"Головнойдогу" экинчи жаңжал, үч өлүм
"Головнойго" байланышы бар чек арадагы чыр 17-апрелде эле башталган. Анда тажик чек арачылары кыргыз тараптан Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайындагы оңдоп-түзөө иштерин токтотууну талап кылышкан. Бирок кыргыздар макул болгон эмес. Бул пикир келишпестик Баткен менен Согди облустарынын башчыларына жетип, алар телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
28-апрель күнү ошол эле "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жанына тажиктер Ак-Суу дарыясынын жээгинен шагыл чогулта башташкан. Кийинчерээк тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайга видеокөзөмөл орнотууну чечкен.
Эки тараптан тең 100-150дөй киши чогулуп, алар бири-бирин ташка алышкан. Тажикстандын УКМКсы "Головной" Тажикстандын аймагында жайгашканын, кыргыз тарап аны басып алганын айткан. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы бул маалыматты четке кагып, окуяны тажиктер курчутуп жибергенин маалымдады.
Кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Ушуну менен 35 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.
Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды.
Чек арадагы коопсуздукту камсыздап, каршылаштарды артка чегинтүүдө УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын дайындоодогу отрядына чоң салым кошкону белгилүү. Тилекке каршы, үч жоокер мекен үчүн курман болду.
Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болгон Эсентур Кубанычбеков
Атап айтканда, мекен үчүн жан бергендердин бири 29 жаштагы Эсентур Кубанычбеков Нарын районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болгон. Ал Нарындан Баткен облусуна эки апта мурда кызмат өтөөгө кеткен.
Экинчи аскер 28 жаштагы Нурсултан Манасбек уулу көп жылдан бери Чек ара кызматында иштеп, Баткенде бир жылдан бери кызмат өтөп, атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунда командир болчу.
Үчүнчү аскер 29 жаштагы прапорщик Бекзат Юлдашев үй-бүлөлүү, үч баланын атасы эле. Анын сөөгү Баткендин Исфана шаарына коюлганы маалым болду.
Каза болгондордон сырткары 20 жоокер жаракат алган.
"Бөрүнүн" катарына кантип кошулса болот?
Атайын отрядга тандап алуу абдан тыкыр жүргүзүлөт. Жоокерлердин эрки бекем, духу күчтүү, иш билги, интеллекти бийик, дене бой даярдыгы мыкты болушу керек. Ошондой эле атайын даярдыктагы бөлүктүн болочок аскер кызматчысы Кыргызстандын жараны, соттолбогон, жашы 19дан 30га чейин, аскердик кызмат өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес, орто же жогорку билимдүү болушу шарт. Профессионалдык спортто ийгилик жараткандарга артыкчылык каралган.
"Бөрүлөргө" арналган ыр
Атайын дайындоодогу жоокерлердин эрдигин баалаган ырчы Мирлан Бегалиев аларга арнап ыр чыгарган.