Баткендеги чек ара чырынан 4 жашар бөбөк чарчап калды

3 мая 2021 Баткендеги чек ара чырынан 4 жашар бөбөк чарчап калды

Саламаттык сактоо министрлиги чек ара чырында төрт жашар бала чарчап калганын тастыктады.

Буга чейин Facebook социалдык тармагына Баткендеги чек ара чырында Абидин Турсунбаевдин сууга агып кеткени тууралуу маалымат тараган. Анда 29-апрелде ок атышуу башталганда Арка айылынын тургундары тоону көздөй качканы жазылган. Алардын арасында Абидин, апасы жана бөбөктөрү да болгон.

"Эмне болгонун түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кеткен. Денесин чоочун кишилер көрүп, кармап калышкан. Дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип табылбай калмак экен", — деп жазылат соцтармактагы билдирүүдө.

Бала 1-июлда беш жашка чыкмак. Ушуну менен чек ара чырынан көз жумгандардын саны 36га жетти.


sputnik