12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар

5 мая 2021 12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар

Кыргыз-тажик чек арасында 36 кыргызстандыктын өмүрүн алган жаңжал "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында тутанган. 

УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, 28-апрель күнү тажик тарап суу таратуучу жайга камера орноткон. Жергиликтүү тургундар буга каршы чыгып, чырдаша кеткен эки тарап бири-бирин ташка алган. Эртеси кырдаал курчуп, кыргыз-тажик аскерлеринин атышуусу башталган.

Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын тегерегинде жалпысынан 25 жай тургун мерт болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, атышуу маалында эл “Головнойдун” жанындагы негизги трассанын чекесиндеги чуңкурга кирип жашынган. Бирок миномёт менен аткан снаряддын чачырандысы тийип, ал жерден 12 жай тургун көз жумган.

Ошондой эле суу таратуучу пунктуну кайтарган ИИМдин атайын багыттагы "Шер" отряды кошумча күч келгенче алты саат бою позициясын бербей коргоп турганы белгилүү болду.

Ак-Суу дарыясы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды суу менен камсыздайт. 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Өлкөнүн үлүшү бул канал аркылуу агып, Төрткүл суу сактагычына куят. Ал жерге топтолгон суу жайкысын баткендик дыйкандарга абадай керек. Тагыраак айтканда, Баткен шаарындагы жана Баткен районунун бир бөлүгүндөгү эгиндер сугарылат.

Кыргыз бийлиги мындан ары да "Головнойго" толук ээлик кыларын убадалады.


sputnik