Фотофакт: жаңжал тутанган "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын асмандан көрүнүшү

5 мая 2021 Фотофакт: жаңжал тутанган "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын асмандан көрүнүшү

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайды кадрга түшүрдү. Эки мамлекеттин ортосундагы кагылыш дал ушул жайдан башталган.

Кыргызстандын Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев стратегиялык объект Кыргызстандын аймагында жайгашканын айтты. Ал 1970-жылы курулуп, үч жылдан кийин эксплуатацияга берилген. Сокеев "Головной" тууралуу бир нече тарыхый фактыны келтирди.

"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт. Протоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт. Совет мезгилинде суу пайдаланылган жерлерге жараша бөлүштүрүлчү. Ошол мезгилде Кыргызстан 11 миң гектар жерди өздөштүрсө, Тажикстан 21,3 миң гектар, ал эми Өзбекстан 1,6 миң гектарын колдонгон.

Адис буга чейин "Головной" боюнча Тажикстан менен чыр чыкпаганын айтып, суу бөлүштүрүүчү жай Кыргызстандын аймагында жайгашканын жана ага бардык тастыктоочу документтери бар экенин белгиледи.

Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз ССРи "Головнойду" ишке ашыруу үчүн 384,2 миң рубль короткон.

Эске салсак, буга чейин Тажикстандын УКМКсы "Головной" Тажикстандын аймагында жайгашканын, кыргыз тарап аны басып алганын айткан. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы бул маалыматты четке каккан.


sputnik